Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Патрулдук милициянын ишин сынга алды
Кырсык
Сооронбай Жээнбеков Патрулдук милициянын ишин сынга алды

Өкмөттүн кеңешмесинде жол кырсыктарына байланышкан көйгөйлөр талкууланып, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Патрулдук милициянын ишин сынга алды. Айдоочулукка окутуп, күбөлүк берген жайларды тескөө жана жолдордо фото, видеокөзөмөл байкагычтарын орнотуу зарылчылыгы белгиленди.

2016-жылдын алгачкы үч айына салыштырмалуу быйыл жол кырсыктары 13 пайызга өскөн. Эреже бузуулардын 86 пайызы айдоочуларга таандык. Премьер-министр кырсыкка себепкер болгондорго катуу чара көрүлбөй жатканын белгилейт. Мындан улам натыйжалуу иш алып барат деп былтыр түзүлгөн Патрулдук милициянын иши сынга кабылды.

Айдоочуларды даярдаган жайлар атайын текшерүүгө алынып, айрымдарынын тиешелүү шарттары жок экени аныкталган. Рулду башкарууга укук берген күбөлүктүн оңду-солду таратылышы да жол кырсыктарынын санын арбыткан көрүнүш катары кабылданып келет. 

Жалпылап алганда унаалардын техникалык абалын көзөмөлдөп, айдоочулардын тажрыйбасына, мурда эреже бузган бузбаганына көңүл буруу керектиги белгиленди. Ошондой эле фото, видеобайкагычтар аркылуу жол кыймылына көзөмөл жүргүзө турган “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу зарылчылыгы да айтылды. Кийинки кеңешмеде кабыл алына турган чаралар өлкө башчысынын кароосуна коюлат.