Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 16-аткычтар двизиясынын жоокери Идият Туфатулин Жеңиштин 72 жылдыгын белгилөөгө Москвага чакырылды. Идият Гиниятович легендарлуу Панфиловчулар дивизиясы менен бирге 1942-жылы Москваны коргогон. 93 жаштагы ардагердин Кызыл аянтта өтчү салтанатка даярдыгын кабарчыбыз көрүп, каарманыбыз менен маектешип келди.
Идият Туфатулин Улуу Ата Мекендик согуштун, жубайы Ляйля Маликова тылдын ардагери. Үйдүн кожоюну 93, жолдошу 88 жашта. экөөнүн тең баскан турганы тың.
Түбөлүккө бирге - бул үй-бүлөнүн урааны. Бактылуу үй-бүлө 65 жылдан бери чогуу. Үч баланы тарбиялап, жети небере жана жети чөбөрөлүү болушкан. Улуу кызы 63, кичүүсү 57ге келип, пенсияга эбак чыгышкан.
Биз согушту жеңбесек болбой калмак деген сөз - ардагердин урааны. Идият аксакал согушка 16 жашында өз каалоосу менен кетет. 1942-жылы ал 9-класста гана окуган. Класста окуган балдардын баары тогуз өспүрүм кандуу согушка барууну чечишет. Азыр 93 кө келген аксакал эс тутуму менен сыймыктанат. Анткени ал согуштагы ар бир окуяны күнү бүгүнкүдөй эстейт. Унутуу да мүмкүн эмес. Рокоссовскийдин командасы астындагы 16-аткычтар двизиясынын курамында Калинин шаарынан 12 чакырым алыстыктагы Жданов айылында алгач ирет согушка катышат.
Идият ардагер согушта 45-жылдын аягына чейин болгон. төрт жолу денесинен жаракат алат. Жарааттар өмүрүнө коркунуч келтирген эмес. 1944-жылы ал автоматчылар ротасына командир кылып дайындалат. Ушул жылы ардагер Ата Мекендик согуштун 1 даражадагы ордени менен сыйланат.1945-жылдын 30-апрелинде жеңишке сегиз күн калганда оң көзүнөн жаракат алат.
Ардагердин кандуу жылдарын костюмунун төшүнө толгон сыйлыктары күбөлөндүрөт. алардын арасынан эң баалуусу Кызыл Жылдыз жана Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордендери.
Жеништин 72 жылдыгын үй-бүлө чыдамсыздык менен күтүшүүдө. 7-майда экөө тең Жениш парадына катышууга Москвага сапарга чыгышат. Бул Идият Туфатулиндин жениш майрамына биринчи сапары эмес. алгач ирет ал жеништин 35 жылдык салтанатына чакырылып, ошондон бери жыл сайын 9-майды Москвада белгилейт.