Жаңылыктар
Бишкекте жаш бизнесмендердин коомдук кыймылы түзүлдү
Экономика
Бишкекте жаш бизнесмендердин коомдук кыймылы түзүлдү

Бишкекте жаш бизнесмендер “Өзгөрүү-Перемены” деп аталган коомдук кыймыл түзүштү. Кыймылдын негизги максаты жарандардын укуктук сабаттуулугу жана аны ишке ашыруу, акысыз медициналык кызматтарды пайдалануу укугу, сот адилетүүлүгү, ошондой эле тендерлерди ачык өткөрүү болууда. Мындан сырткары, коомдук кыймылдын мүчөлөрү социалдык-экономикалык программаларды ишке ашырууну пландашууда.

“Биз бийлик менен карапайым элдин ортосунда көпүрө түзүүгө аракет кылабыз. Калктын бийлик өкүлдөрүнө түз кайрылуусуна шарт түзүүгө жетишебиз”,- деди “Өзгөрүү-Перемены” коомдук-саясий кыймылынын төрагасы Улан Жураев.