Жаңылыктар
Бишкектин 139 жылдыгы белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин 139 жылдыгы белгиленет

Ала-Тоо аянтына коюлган 25 тактайдын эки бетине төрттөн илинген сүрөттөрдө Бишкектин тарыхы камтылган. СССР убагында өндүрүш шаары аталып, жумушчулар, эстеликтер жана заманбап өнүгүп жаткан Бишкек фотолордо берилген. 

Авторлору ар башка, бирок өзгөчө көркөм, эски менен жаңысы айкалышкан, шаардыктардын күнүмдүк жашоодогу сүрөттөрү 27-апрелде көрүүчүлөргө тартууланды.
Сүрөт көргөзмөгө алгачкылардан болуп президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков, мэр Албек Ибраимов келип, ар бир сүрөттүн кайда, качан тартылганын көрүп чыгышты. Шаар жетекчиси көргөзмө 29-апрель шаар күнүнө карата шаардыктарга жана шаардын меймандарына майрамдык маанай тартуулоо экенин айтты. 



Эске сала кетсек, 29-апрель Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 28-ноябрындагы №266 "Бишкек шаарынын күнү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтомуна ылайык  2016-жылдын 23-мартындагы №181 токтому менен белгиленген.

2016-жылы Бишкек шаарынын 138 жылдыгына карата Бишкектин негизги атрибуттарынын бири болгон курант саатына ар бир саат сайын жаңырып туруучу комуз менен ооз комуздун ыргактары коюлган.

">