Жаңылыктар
Политклиника: "Жол кырсыгынан согуш учурундагыдай жоготууга учурап жатабыз"
Кыргызстан жаңылыктары
Политклиника: "Жол кырсыгынан согуш учурундагыдай жоготууга учурап жатабыз"

Басма сөзгө баяндама


Бүгүн "Азия Ньюс" жаңы санын Айгүл Текебаеванын  маегинен алган “Атасы үчүн кызым Айсара кудайга кат жазды. Бала да, жүрөгүм тилинди деген сөзүн тема кылды. Саясаттан кеп: Бабанов 80% элдин колдоосуна ээ деген саптардан башталды. Сурамжылоо жүргүзүп саясий божомолду келтирген кайсы бир социологиялык институттун өлкөбүздүн саясий абалы боюнча жүргүзгөн изилдөөсүн ушул жерге кыстарды.  Ушул эле алдыңкы бетине Эл күбө. Президенттик шайлоодо кайсы талапкерлердин таскагы катуу чыгат деп, учурда Өмүрбек Бабановдун таскагы катуу чыгып, ай чапчып, эл арасында упай алып жатат. Андан кем калышпай Темир Сариев дагы болгон ресурсун чачууга белсенип, катуу иштегенге эми киришти. Экөө чабышат катуу дегенди жазды . 

 ЖКтин депутаты Калдарбек Баймуратов “Маи бурч-бурчка жашынып туруп алып, акча чогултуу менен алек деп маек берсе, дагы бир депутат Алмазбек Токторов да маек куруп,  Бириккен Улуттар Уюмга барып, пленардык кеңешмеге катышпай келген чиновниктер бар деген аталышта командировкага көп чыккан чиновниктердин сырын  ашкереледи. Көлөмдүү маектер арбын. Мисалы геосаясаттагы темада экс- министр Аликбек Жекшенкулов “Улуттук идеология жок болсо, жаштар радикалдаша баштайт деген аталышта, ЖКтин депутаты Жанар Акаевдин Мен Атамбаевге чыккынчылык кылган жокмун деген аталышта орун алды. POST1RIGHT

Ошондой эле “Темир мырзанын эрктүүлүгү, темирдей бекем тартипти туу тутканы жагат” деген аталышта алынган Ашырбек Бакаевдинн генералдык кебин да окуй аласыз. Ички кухнядан деп, бүгүн гезит депутат Бакытбек Жетигеновдон КСДПдан талапкер эмес, сьезд качан болору белгисиз болууда деп чакан темада чакан кебин сураган. 

Бүгүн "Политклиника"  Жол кырсыгынан согуш учурундагыдай жоготууга учурап жатабыз деген теманын алдында жарык көрдү. Макала Бишкекте жакында эле эки окуучуну машина коюп кетип, ушундан улам жарандык активисттер Кыргызстандын бийлигине жол кырсыгынын арбын болуп жатканын белгилеп, коопсуздугун сактоо боюнча кайрылуу жасап, онлайн- петиция уюштурушканы боюнча жазылды.  Ушул жерге коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадаровдун  “автомектептерди текшериш керек, маселеге комплекстүү кароо керек деген пикирин кошуп басты.   

Андан ары Коомдук телеканалдын журналисти Канат Каниметов “Сентябрь” каналы тууралуу телеберүү даярдап, “Алиппе ТВ” каналынын жабдууларын кантип “Сентябрь” каналында болуп калганы тууралуу айткан. 

Анда “Алиппе ТВ” директору Алмаз Абеков жана анын адвокаттары айтып беришкен. “Сентябрь” каналынын жетекчилиги бул теле берүүнүн төгүндөө керектигин талап кылып жатат. Ал эми КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков аталган теле берүүдө мыйзам бузулган эместигин билдирүүдө деп "Политклиника" эки каналдын жетекчилеринин бул маселеде айткандары менен бүгүн окурмандарды тааныштырды.   

">

Политклиника  “Улуу кыргыз изи” долбоорунун автору, беш жыл ичинде 100дөй өлкөнү кыдырып, 350 сүрөт тартууну максат кылган сүрөтчү Азамат Жаналиев туурасында баянды тартуулады. Бул баян стринг-арт стилинде атактуулардын сүрөтүн тарткан, Кыргызстанды 62 күндө велосипед менен кыдырып чыккан Азамат Жаналиев деп аталат. 

Бул гезит дагы бүгүн оппозиция лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаевдан алынган “Мен жолдошумдун сырын жакшы билем, ал принцибинен эч качан тайбайт"-, деген аталыштагы  маекке орун берди.  

Таалайкүл Сыдыкбекова,  Биринчи радио