Жаңылыктар
Өкмөт башчы: "2016-жылы энелердин жана ымыркайлардын өлүмү азайды"
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы: "2016-жылы энелердин жана ымыркайлардын өлүмү азайды"

2016-жылы энелердин жана ымыркайлардын өлүмү азайды. Мындай маалыматты премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында, өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иши боюнча отчет берген маалында билдирди. 

Премьердин айтымында, наристелердин өлүмү былтыркы 2015-жылга салыштырмалуу 8 пайызга төмөндөгөн. Ал эми энелердин өлүмү былтыр 2015-жылга салыштырмалуу 29,9 пайызга азайды. Өкмөт башчы ошондой эле 2016-жылы полиомиелит, кызылча оорулары катталбагандыгын айтты.

Ошондой эле, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чет жерде иштеген Кыргызстандын эмгек мигранттарынын саны 752 миӊ экенин расмий маалымат катары билдирди. Ал ошондой эле ЕАЭБдин алкагында Орусия менен Казакстандагы кыргыз мигранттарынын укугун коргоо жаатындагы иштер жакшыргандыгын маалымдады.