Жаңылыктар
Кырсыктар айдоочулардын жоопкерчилигинин жоктугунан катталууда
Кырсык
Кырсыктар айдоочулардын жоопкерчилигинин жоктугунан катталууда

Соңку учурларда катталып жаткан жол кырсыктары, анын ичинде эки окуучуну сүзүп кеткен окуя көйгөйдүн жеткен чеги-десек болот. Муну өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жол кыймылы коопсуздугун талкуулаган жыйында белгиледи. Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын 86 пайызы айдоочулардын күнөөсүнөн улам болууда. Жыйында өзгөчө маршруттук такси менен эл ташыган таксилердин айдоочуларын көзөмөлдөө механизмин иштеп чыгуу сунушталды. 

Статистикалык маалыматтар боюнча жыл башынан бери былтыркыга салыштырмалуу 13 пайызга көбөйгөн. Ички иштер министри Улан Исраиловдун билдирүүсү боюнча жыл башынан бери  өлкөдө 1 миң 169 кырсык катталып, анда 1 миң 148 адам каза болуп, 1 миң 886 адам жабыркаган. Мунун башкы себептеринин бири катары айдоочулардын маданияты эсептелет.

Жакында эле эки окуучун сузүп кеткен окуя-маселенин жеткен чеги экенин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков белгиледи.Коомчулукта жол кыймылы коопсуздугу боюнча сын-пикирлер көбөйгөнүн эске салган премьер, буга чейин түзүлгөн патрулдук милициянын иши натыйжасын болуп жатканын белгиледи. Кырсыктардын көбү айдоочулардын жоопкерчилигинин жоктугунан улам катталууда-деди өкмөт башчы.

Жыйында бир катар сунуштардын арасында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун маршруттук таксилер менен эл ташыган таксистердин айдоочуларын  көзөмөлдөө механизмин иштеп чыгуу дагы болду. Калаа башчысынын баамында, жалпысынан 18 такси фирмалары бар, аларды көзомөлдөгөн эч ким жок.

Калаа башчысы мындан тышкары, “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырыла электигин, бирок шаар боюнча бир нече видеобайкоо иштеп жатканын белгиледи. Алар аркылуу айыптар салынууда. “Бирок алар 20пайыз  гана айып чыгарышат. Көптөгөн айыптар дайын-дарексиз калууда. Маселе ишеним кагазда болуп жатат-дейт Албек Ибраимов:

Эске салсак, буга чейин өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, жол коопсуздугу боюнча кеңешме өткөрүүнү өкмөткө жана Коопсуздук кеңешине тапшырган болчу. Отурумга тиешелүү бардык органдардын жетекчилери катышышты. Өз кезегинде Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров “Таза Коом” долбоору жол кырсыгын азайтууга өбөлгө болорун айтып, президент тарабынан берилген тапшырманын үстүндө иш жүруп жатканын билдирди.

М.Абдраманова, Биринчи радио