Жаңылыктар
Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо өзгөчө көзөмөлдө турат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо өзгөчө көзөмөлдө турат

Бишкек-Кара-Балта автожолун реконструкциялоо жумушу өзгөчө көзөмөлдө турат. Мындай маалыматты премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Жогорку Кеңешке отчет берген маалында билдирди. 

Ал ошондой эле Бишкек - Кара-Балта автожолун оңдоо маалында Бишкек жана Кара-Балта шаарларынын ортосунда элге ыңгайлуу болушу үчүн темир жол каттамы уюштурулганын кошумчалады. 

Ал эми Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, бүгүнкү күндө узундугу 45 км болгон Бишкек-Кара-Балта автожолун куруу башталганын жана бардык керектүү курулуш техникалары бар экендигин билдирди. Транспорт жана жолдор министри оңдоо иштерин жүргүзүүдө жол кыймылы бир багыт боюнча жүрөөрүн кошумчалады.