Жаңылыктар
Кыргызстандын электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар
Экономика
Кыргызстандын электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар

CASA-1000 долбоору аягына чыгарылат. Парламент жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков долбоор жүзөгө ашкандан кийин Кыргызстан электр энергиясын экспорттоого толук мүмкүнчүлүгү жетерин билдирди. 

Ага чейин Кыргызстан Бишкектеги жылуулук берүү борборун модернизациялап, быйыл ТЭЦ толук кубаттуулукта ишке кирет. Токтогул ГЭСи реконструкция болот жана Жогорку Нарын каскаддарын салууга инвесторлорду тартуу жумуштары колго алынган, - деди өкмөт башчы. Учурда CASA-1000  долбоору боюнча төрт мамлекеттин узакка созулган сүйлөшүүлөрү жыйынтыктоочу деңгээлге чыкты. Тендер жумуштары аяктаган соң, Кыргызстандын аймагы аркылуу 400 чакырымга созулган жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары тартылат. Бул жумуштар 2018-жылга белгиленген.

“Кудай кааласа бул CASA-1000 долбоору аягына чыгарылат. Биз экспорттой алабыз. Себеп дегенде биз аларга жайында экспорттойбуз, кышында эмес",- деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.