Жаңылыктар
Авиа кырсыктан жабыркагандарга каражат которулду
Кыргызстан жаңылыктары
Авиа кырсыктан жабыркагандарга каражат которулду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражат, авиакырсыктан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарынын жеке банктык эсептерине, жабырлануучулардын өтүнүчү боюнча которулду. 

2017-жылдын 16-январында, "Манас" аэропортуна жакын аймактагы Дача конушуна кулап түшкөн «Боинг-747» учагынан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына жардам берүү максатында, ӨКМдин атайын эсебине 100 миллион 499 миң 300 сом түшкөн. Ошондой эле, ар кандай механизмдерге жол бербөө үчүн, үй сатып алууга бөлүнгөн каражаттарды башкаруу иши, мамлекеттик комиссия тарабынан көзөмөлдөнүп турат.