Жаңылыктар
Кыргызстан: Алматадагы башкы консулдуктун иши текшерилет
Саясат
Кыргызстан: Алматадагы башкы консулдуктун иши текшерилет

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыковдун Алматадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Данияр Садыков министрлик чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого чоң маани бере турганын билдирип, Алматадагы башкы консулдуктун ишин жакын арада атайын комиссия текшерип чыгарын кошумчалады. Ошону менен бирге абалды жакшыртуу үчүн мекендештер менен жолугушууларды уюштуруу аракеттери көрүлөт.

Мындан мурда Казакстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Алматадагы башкы консулдуктун ишине нааразы болушуп, бир катар сын-пикирлерди айтышкан эле.