Жаңылыктар
ЖК өкмөттүн 2016-жылда аткарган иши боюнча маалыматын бекитти
Саясат
ЖК өкмөттүн 2016-жылда аткарган иши боюнча маалыматын бекитти

Бул ирет өкмөт маалыматты жаңы ыкмада даярдап келди. Анда тармактар боюнча жетишкендик менен өксүктөр жана быйыл аткарыла турган иштер көрсөтүлгөн. 

Депутаттарды негизинен экономикалык маселелер жана өкмөт былтыр убада кылган долбоорлор менен программалардын канчалык деңгээлде ишке ашканы көбүрөөк кызыктырды.

Саламаттык сактоо, билим берүү, энергетика, экономикадагы жылыштар, жаратылыш кырсыктарынын алдын-алуу, мектеп менен жолдордун курулушу жана долбоорлордун ишке ашышы. 

Эл өкүлдөрү тарабынан ушул тармактарга ыктаган суроолор көп болду. 

Көйгөйлүү маселелерге өкмөттөн жооп алуу үчүн суроо берүүгө 80ге жакын депутат жазылды.

Мынча депутат жазылып алды деген айрым эл өкүлдөрү убакытты үнөмдөө максатында суроо жоопту кыскартып, талкууга өтөлү деп сунуштады. Анын үстүнө өкмөттүн отчёту өткөн аптадан бери көпчүлүк коалиция, тармактык комитеттер менен фракцияларда талкууланган. 

Ошенткен менен бул сунуш колдоо тапкан жок. 


Депутаттар тарабынан эң эле көп жолу көтөрүлүп жаткан маселенин бири жакында курулушу башталганы турган Бишкек-Кара-Балта жолунун салынышы болду. Бул жолу эл өкүлдөрү долбоорго камтылбай калган тогуз чакырымдык жол кошо оңдолсо деген сунуш берди. 
Жол кырсыктарынын алдын-алалы десек адегенде сапаттуу жол белгилерине көңүл буруу керек деген депутат Зиядин Жамалдинов бул маселени чечмейинче “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу кеп кылуу мүмкүн эмес экенин айтып чыкты. 

Айрым депутаттар долбоорду аягына чейин чыгарууну демилгеледи.
Энергетика -анын ичинде тариф маселеси көтөрүлгөндө өкмөт башчы бул боюнча учурда жумуштар жүрүп жатканын билдирди. Ал эми КАСА-1000 долбоору боюнча төрт мамлекеттин узакка созулган сүйлөшүүлөрү жыйынтыктоочу деңгээлге чыкканы ырасталды. Бул жумуштар аяктаса долбоордун алкагында Кыргызстан электр энергиясын экспорттой алат. 

Тендер жумуштары аяктаган соң, Кыргызстандын аймагы аркылуу 400 чакырымга созулган жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары тартылат. Бул жумуштар 2018-жылга белгиленген.
Жалпы жонунан өкмөттүн аткарган ишине депутаттар тарабынан кескин сындар айтылган жок. Ошенткен менен кемчиликтердин үстүндө иштөө сунушу берилди. Эң негизгиси былтыр өкмөт социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылып берди деген парламент Өкмөттүн 2016-жылда аткарган иши боюнча маалыматты колдоп берди.