Жаңылыктар
Жалал-Абад облусу 94 пайыз санарипке кошулууга мүмкүнчүлүк алды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусу 94 пайыз санарипке кошулууга мүмкүнчүлүк алды

Жалал-Абад облусу 94 пайыз санарипке кошулууга мүмкүнчүлүк алды. Азыр тоолуу аймактагыларга толкун жеткирүү үчүн телестанцияларды орнотуу иши колго алынууда.

Анткени эл аралап түшүндүрүү иши жүргөндө көпчүлүк сыналгы көрбөй калабыз деген кооптонуусун билдиришкен. 

Мындай алыскы тоо койнунда орун алган 60тан ашык айыл бар. Аларды санарипке кошуу үчүн 64 даана санариптик теле чагылдыргыч коюлат.

Сузак районунун Боз-Чычкан айылына да санариптик теле берүү жете элек. 

Азыркы учурда айыл эли аналогдук берүүнү көрүп жатат. Алардын катарында Тоту Алдашова да бар. 

15-майдан кийин аналогдук берүү токтотулаарын уккан Тоту айым,андан кийин сыналгыны кантип көрөм деп азыртадан кыжаалат.

Боз-Чычкан айылы сыяктуу эле облус боюнча дагы 68 айылга санариптик сигнал жете элек.
Ал эми Жалал-Абад шаарынын тургуну Авазхан Ахмедова, өткөн жылы ресивери өзүндө жайгашкан заманбап сыналагы сатып алып, санариптик теле берүүнү көрө баштаган. 

Буга чейин 3-4 гана канал көрүп келген Авазхан, санариптик сигналдын пайда болушу менен каналдар көбөйүп, жогорку сапаттагы тунуктук пайда болгонун айтат.
Азыркы тапта Жалал-Абд облусунун 94 пайызы толук санариптик берүү менен камыз болду. 

Ал эми санарип жетпеген, башкача айтканда, аналогдук сигналдар менен отурган айылдарга жакынкы күндөрү толкун таркатуучу телестанциялар коюла баштайт.
Облус аймагын толук санариптик сигнал менен камсыз кылуу үчүн жалпысынан 64 даана санариптик теле чагылдыргыч коюуу зарыл. 

Азыркы учурда 10 даанасы алынып келинген. 

Ал эми адистер санариптик эфирге туташууда сапаттуу антена, сапаттуу кабель жана сапаттуу ресиверлерди сатып алуу зарыл экенин эскертишет. 

Андан соң, антенаны жакынкы теле мунарга туура багыттоо менен заманбап шарттагы тунук эфир көрүүгө болот.