Жаңылыктар
Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар арбыды
Кыргызстан жаңылыктары
Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар арбыды

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдардан жылына эң аз дегенде 15 миң кайрылуу келип түшөт. 

Бул көрсөткүч жыл санап өсүп жатканы өкүндүрөт. Коомдо ашынган ээнбаштар бар. 

Кемсинтүү менен кордоого милиционер айымдар дагы байма-бай кабылат.

Алар мыйзамды гана эмес өзүн коргоого да мажбур болот. 

Зомбулук курмандыктарына кантип сапаттуу жардам берсе болот жана коргонуу жолдору семинарда айтылды.

Лада Андреева 20 жылдан бери жол сакчысы болуп эмгектенет. Эки жыл бою 19 айымдан турган аялдар взводун жетектеген. Азыр шаардык патрулдук милиция башкармалыгында эркектер менен аралашып иш алып барат. 

Лада семинардын катышуучуларына калктын ар кандай катмары менен тил табышуу жолдорун бөлүшүүдө. Милиция майорунун айтымында, үй-бүлөдөн зомбулукка кабылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. 

Жада калса милиция кесибин аркалаган айымдар дагы кемсинтүүгө кабылат.
Лада Андреева, Патрулдук милиция башкармалыгынын улуу инспектору: укугун билген адам өзүн коргой алат. 

Кемсинтүүгө туш келген башка аялдардын коргоо үчүн ыкмаларды туура пайдалануу керек. Мыйзам боюнча оор абалда калган аялдар катталса, ага коргоочу ордер берилет же кризистик борборлорго жана дарыгерге жөнөтүлсө туура болот.
Семинарга 120 погончон айым катышты. Укук коргоо органдарынын катарын 13 пайыз айым толуктайт. 

Терс көрүнүштүн алдын алууга карата өткөн тренинг үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы багытталган. 

Участкалык милиционерде өмүрлүк жарына кыр көрсөткөн ээнбаштардын тизмеси бар. 

Эгер жарым жыл аралыгында кемсинтүүлөр кайра кайталанса каттоого алынат. 

Жогорку Кеңеш тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган. 

Азыр президенттин кароосунда. Эгер мыйзам күчүнө кирсе, анда жаңы механизмдер колдонулмакчы. 

Мисалы үстөмдүк кылган адам айып төлөп кутулуп келсе, ал запкы тарткан адам менен кошо реабилитацияланат.