Жаңылыктар
“Биринчи Бишкек маданият форуму” башталды
Маданият
“Биринчи Бишкек маданият форуму” башталды

“Биринчи Бишкек маданият форуму”. Мындай аталыштагы иш-чарага 24 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, кыргыз маданияты менен жакындан таанышып жатышат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара кыргыз жаштарына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. 

Италия, Таити, Таиланд, Индия, Австрия, Корея, Марокко сыяктуу 24 өлкөдөн келген делегациялар катышып жаткан форум 2-майга чейин уланат. 

Түрдүү континенттердин фольклор жана классикалык искусствосунун өкүлдөрү биринчи жолу бир аянтка чогулуп жатат. Биринчи Бишкек маданият форумунун өзгөчөлүгү да мына ушунда.
Андан сырткары, мейман катары келген доктор Удомсак Сакмунгвонг мырза фольклорду даңазалаган эл аралык фестиваль - Кыргызстанда өтсө деген пикирин айтты.
Удомсак Сакмунгвонг, Элдик искусство жана фольклордук фестивалдарды уюштуруу боюнча эл аралык кеңештин президенти: учурда дүйнөдө 300дөн ашык фестиваль, 50 миңдей фольклор артисттери бар. Кыргызстандын маданий иш-чараларды өткөрүүдөгү тажрыйбасы да мыкты. Ошондуктан, ири эл аралык фольклордук фестиваль уюштурса деген сунушум бар. 

Уюштуруучулардын айтымында, бул форум кыргыз жаштарына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берип, дүйнөлүк ири иш-чараларга катышууга жол ачат. Форумга Италия, Таити, Таиланд, Индия, Австрия, Корея, Марокко сыяктуу 24 өлкөдөн келген делегациялар катышып жатат жана ал 2-майга чейин уланат.