Жаңылыктар
Баткенде "Айгүл гүлү - 2017" фестивалы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде "Айгүл гүлү - 2017" фестивалы өттү

Баткенде "Айгүл гүлү - 2017" фестивалы өтүп, гүл майрамы быйыл кошуна Өзбекстандан келген коноктордун катышуусунда белгиленди. Өзбекстандык өнөрпоздор менен дарчылар келгендердин көңүлүн буруп өзгөчөлөнүштү. Ал эми Баткендиктер "Кыз-жигит" сармерден оюнун тартуулашты. Ошондой эле Козулан баатыр менен Айгүл кыздын театралдаштырылган баяны көрсөтүлдү.

“Айгүл-2017” фестивалы чек ара аймагында кыргыз-өзбек мамилесин чыңдоого өбөлгө болду.Мындан ары да эки элдин достугун бекемдеген маданий иш-чаралар көп болсо дешет тургундар. Анткени акыркы жылдары чек арадагы чыңалуулар жакын жайгашкан жергиликтүү тургундардын арасын алыстатып койгон.
Фестивалдын жүрүшүндө Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилиги менен Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү алдыдагы карым-катнаш, маданий достук иш-чаралар тууралуу сүйлөшүштү. Буга чейин Баткен облусунан делегация Өзбекстандын Фергана облусунда болуп келген. Иш-чара бийлик өкүлдөрүн эле эмес, жергиликтүү жай тургундарды да жакындатууда.