Жаңылыктар
Ош: Учар айылында сел жүрүү коркунучу күч
Кырсык
Ош: Учар айылында сел жүрүү коркунучу күч

Ош шаарынын жанындагы Учар айылында сел жүрүү коркунучу күч. Азыр ал тосмодон суу ашып өтүшү мүмкүн деген кооптонуу бар. Жаздагы жаан тургундарды ушинтип убайымга салып турган чак. Сел тосмону тазалап берүүнү айтып ӨКМге кайрылышкан. Бирок жооп  болгон эмес экен. 

Учар айылынын тургундары сел тосмодогу топтолгон суунун көлөмүнөн бат-баттан кабар алып турушат. Антпесе суу көп келип, айылды каптап кетиши ыктымал. Себеби 50 жылдан бери тазаланбаган тосмого акыр-чикирлер толгон. Анын айынан 30 метр тосмонун тереңдиги 20 метрге чейин жабылып калган. 

Белгилей кетсек, катуу жаандын кесепетинен 1948-жылы сел тосмодон суу ашып, ага жакын жайгашкан айылдарды жууп кеткен. Ошол убактары тосмо Ош облусуна карап келсе,2014-жылы Ош шаарынын карамагына өткөрүлгөн.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио", Ош шаары