Жаңылыктар
Каракол шаарында бош орундар жарманкеси ѳттү
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол шаарында бош орундар жарманкеси ѳттү

Ысык-Кѳл облусунун борбору Каракол шаарында бош орундар жарманкеси ѳттү. 

Анда 12 социалдык жана коммерциялык мекеме, ишканалар ваканттык орундарды сунуштады. 

Айтсак шаарда расмий катто боюнча 700дѳн ашык адам жумушсуз. 

Бул социалдык кѳйгѳйдү чечүү үчун келечектеги кесип ээлерине туура багытт берүү  керек экендиги эске алуу керектиги айтылды. 

Ошондой эле  заман талабына ылайык  суроо талап кѳп болгон адистиктер параттан ѳтүштү. 

Айсулуу Бакыт кызы, "Биринчи радио"