Жаңылыктар
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Саясат
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды

Парламент өкмөттүн 2016-жылы аткарган иши тууралуу отчетун карап, аны жактырды. Отчетто алдыга коюлган программа 90 пайызга аткарылганы, экспорттун көлөмү көбөйгөнү менен чет өлкөлүк түз инвестиция бир кыйла төмөндөгөнү белгиленди. Ага карабастан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тарабынан көрсөтүлгөн отчетту жыйынга катышкан 98 депутат колдоду, 9 депутат добуш берген жок.

Өкмөттүн ишине оң баасын берген депутаттар менен катар эле сындаган эл өкүлдөрү да болду. Негизги сындар, өлкөдөгү жолдун абалы, жол кырсыктары, билим берүү, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашпай жатышы, жеңилдетилген насыя боюнча айтылды.

Мындан сырткары Кумтөр сыяктуу орчундуу маселелерде Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөттүн чечкинсиздиги катуу сынга алынды.

Деген менен өкмөт Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет капиталдык салымга чыгарган каражаттын көлөмүн 5 миллиард сомдон ашырганын премьер белгилеп кетти. 

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"