Жаңылыктар
Жаан-чачындуу аба ырайы жер көчкүлөрдүн жылуусуна шарт түзүүдө
Өзгөчө кырдаал
Жаан-чачындуу аба ырайы жер көчкүлөрдүн жылуусуна шарт түзүүдө

Өзгөн районундагы Курбу-Таш жана Маркс айылдарынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп 180 метрге чейин жетти. Ал эми турак үйлөргө жетишине 45 метр калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 33 турак үй ээлери убактылуу коопсуз жайга көчүрүлгөн. 

Ушундай эле кырдаал Майлуу-Суу шаарында да катталып, жер көчкүнүн кесепетин жоюу иштерин Өзгөчө кырдаалдар министри жеке көзөмөлүнө алды.
28-апрелде Майлуу-Суу шаарында болжол менен 18 000 м3 жер көчкүсү Майлуу-Суу дарыясынын жарымына чейин сүрүлүп түшкөн. Бул көчкү 1993-1994-жылдары пайда болгон.