Жаңылыктар
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан кан майданга 365 миң жоокер аттанган
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан кан майданга 365 миң жоокер аттанган

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан кан майданга 365 миң жоокер аттанган. Алардын 150 миңден ашыгы курман болгон. Ал эми  беш миңден ашыгынын ушул кезге чейин дайынсыз. 73 эр азаматтарыбыз Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон. Улуу  Ата Мекендик согушта Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон  Жумаш Асаналиев  1923-жылы Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Отуз-Уул айылында туулган. От  күйгөн кандуу майданда өзүнүн чыныгы эр азамат экенин ырастап, 1944-жылы  24-июнда Витебскинин айланасындагы душман менен кармашта курман болгон.  Советтер Союзунун Баатыры деген наам 1944-жылы 22-июлда берилген. Витебск шаарында Жумаш Асаналиев атындагы көчө бар.  Көчөнүн жашоочулары “Биздин Жумаш” дешип кыргыз уулунун эрдигине таазим этишет,  - дейт талант ээси Марат Ибраев. Өлкөбүздө азыр 640 согуштун ардагерлери калды.  

Алардын баары мамлекет тарабынан ар тараптуу камкордукка алынганын  республикалык согуштун ардагерлер Кеңешинин төрагасы Качкын Саргазаков  маалымдады. Учурда бардык аймактарда Улуу Жеңиштин 72 жылдыгын майрамдоого  камылгалар көрүлүп жатканын белгиледи. Албетте, согуш ардагерлери өз өмүрүн кутман эли, кутман жери үчүн арнагандар.  Алар маалында майтарылбас эрдиги менен совет элин душмандардын бузук ниетинен  куткарып калышкан. Ошондуктан аларга өлкөнүн социалдык өнүгүү министрлиги  тарабынан колдоолор көрсөтүлүп келгенин министрдин орун басары Лунара Мамытова билдирди. 5-майда Минск шаарында Советтер Союзунун Баатыры, кыргыз уулу Жумаш Асаналиевди эскерүү  минтингиси өтөт. Ага кыргызстандан 17 делегация катышуу үчүн барышат. Бул  тууралу “Агитбригада-2017” коомдук кайрымдуулук фондунан маалымдашты.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"