Жаңылыктар
Кыргыз тасмалары Орусиядагы эл аралык фестивалда көрсөтүлөт
Маданият
Кыргыз тасмалары Орусиядагы эл аралык фестивалда көрсөтүлөт

"Победили вместе" эл аралык фестивалына быйыл Кыргызстандан эки даректүү тасма катышат. Анда Адилет Каржоевдин "Рахмат сага дарыгер!" тасмасы фестивалдын алкагында даректүү тасмалардын "Отражение" сынагында көрсөтүлөт. Эмгектин башкы каарманы - белгилүү хирург Эрнест Акрамов. 

Ал эми сынактан тышкаркы "Киношколы" программасына Рысбай Садыковдун Чыңгыз Айтматовдун өмүрү тууралуу "Айтматовун сабактары" фильми илинген. 

"Победили вместе" эл аралык фестивалы быйыл 13-жолу Россиянын Севастополь шаарында өтөт. Ал экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетишкен өлкөлөрдүн эрдигин даңазалаган даректүү тасмалар менен телепрограммалардын сынагы. Иш-чара 14-20-майга чейин өтөт.