Жаңылыктар
Кыргызстан биометриялык электрондук паспортко өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан биометриялык электрондук паспортко өтөт

Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана өзүнүн Аппарат жетекчиси Сапар Исаков менен бирге, өлкөдө биометриялык электрондук паспортторду киргизүү ишинин башталышын талкуулады. 


Кыргызстандын жаранынын электрондук биометриялык паспорту - жаңы типтеги идентификациялык документ жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Бул - Эл аралык жарандык авиациянын талаптарына төп келген жана жасалмалуулуктан сактай турган, Борбор Азия регионундагы биринчи электрондук паспорт болуп калды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда биометриялык электрондук паспортторду киргизүү - электрондук өкмөттү түзүүнүн жана президент демилгелеген «Таза Коом» долбоору - өлкөнүн санариптик келечекке кадам ташташынын негизи шарты болуп калаарын белгиледи. 

Биометриялык паспорттун жардамы менен калкты кагаз маалымдамаларсыз - сапаттуу электрондук тейлөөгө, бардык мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөлөргө кеӊири жол ачылат. 

"Кыргызстан жарандары биометриялык паспортторду быйыл 1-майдан тарта 31-декабрга чейин акысыз ала алышат. Жаңы үлгүдөгү паспортту алуу убактысы эки эсеге кыскарып, арыз бергенден тарта 14 күндүн ичинде алса болот", - деди Сооронбай Жээнбеков. 

"Кыргызстандын биометриялык электрондук паспортторго өтүү процессинин башталышы - өлкөдө санарипке негизделген коомду түзүү ишинде зор мааниси бар, даңазалуу окуя" - деди президент Алмазбек Атамбаев. 


Бул иш өлкөдөгү бардык процесстердин ачыктыгын камсыздоо, коррупция менен күрөшүү, таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү, коопсуздукту камсыздоо иштеринде сапаттуу натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө түзөт. 

Маалымат иретинде айта кетсек, электрондук паспортто: анын ээсинин үй-бүлөлүк абалы, турган жеринин дареги, улуту, жынысы, жарандыгы, туулган жери, санариптик сүрөтү, эки колунун бармактарынын папиллярдык чийиндеринин графикалык курулушу, өз колу, электрондук-санариптик колунун ачкычы тууралуу бардык маалыматтар камтылган.

Кызмат көрсөткөн кайсы гана мамлекеттик жана мамлекеттик эмес орган болсун эч бир кыйынчылыгы жок таанылат. Мисалы буга банктар, нотариаттар, медициналык жана билим берүү мекемелери, бизнес түзүмдөрүн алсак болот. Биометриялык паспортто жаран жөнүндө 19 маалымат камтылып, электрондук форматта болгондуктан, паспорттун жарактуу мезгилинде маалыматтар өзгөрсө да, аны алмаштырбай пайдаланууга көмөкчү болот. Өзгөргөн маалыматтар автоматтык түрдө жаңылана берет. Идентификациялык картаны берүүдө анын ээсинин жеке каалоосу эске алынат. Мисалы ал көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Брайл шрифти менен тактилдик текстте болушу мүмкүн. Биометриялык паспортторду киргизүүгө зарыл болгон КР өкмөтүнүн бардык токтомдоруна премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.