Жаңылыктар
Бүгүн ветеринария күнү
Ден соолук
Бүгүн ветеринария күнү

Бүгүн өлкөнүн ветеринария тармагынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Майрамдык иш-чарага бул тармактын адистери бардык облустардан келишти. Бекеринен "Медицина адамды дарыласа, ветеринария - бүткүл адамзатты дарылайт" - деген накыл сөз айтылбайт. 

Учурда Кыргызстанда иштин көзүн билген мыкты ветеринарлардын жетишсиздиги байкалууда. Бирок буга карабастан быйыл ветеринария кызматы жакшы иштерди жасап үлгүрүштү. Алардын катарында мисалы мал жандыктарды эсепке алуу жана идентификациялоо жумуштары жогорку деңгээлде уюшулду.

"Албетте, бул кесип бүгүнкү күндө аябай муктаж болуп турган кесиптердин бири. Анткени жаныбарлардын дени сак болсо адамдардын да ден-соолугу таза болот”,- дейт Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калыс Жумаканов.