Жаңылыктар
Борбор калаада "франкофония" жумалыгы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада "франкофония" жумалыгы өттү

Бишкекте 13-марттан, 17-мартка чейин  “франкофония”  жумалыгы өткөн.  Бул француз  тилин  жайылтууга арналган  иш-чараны  Франция, Бельгия, Швейцария элчиликтери менен биргеликте, Бишкектеги  Француз Альянсы уюштурду.

15-мартта  Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында  Француз үнү жумалыгынын алкагында: фото, көркөм сүрөт жана поэзия  конкурстарынын жыйынтыгы чыгарылды. 

Бул иш чарага  Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директорунун орун басары Кайрат Иманалиев  катышты. Ал  кыргыз элинде француз тилин билгендер аз болгону менен  маданиятын  мыкты билгендер арбын экенин айтып, тилибизде окшош сөздөр  кездешкенин мисалдатты.