Жаңылыктар
Аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылды

Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндөгү кезектеги жакшы саамалык. Бүгүн борбор калаа Бишкекте 27 батирлүү көп кабаттуу турак жай, аскер кызматкерлерине колдонууга берилди. Жаңы, 9 кабаттуу үй - бир бөлмөлүү 9 жана 2 бөлмөлүү 18 батирден турат. Батирди тапшыруу аземине Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Куралдуу күчтөрүнүн башчылары катышты. 

Аскер кызматкерлерин Сапар Исаков куттуктап жатып, алардын эмгеги өлкө үчүн баа жеткис экенин, мамлекет аскер кызматкерлерин социалдык жактан колдоону дагы улантаарын белгиледи. Ал өткөн жылы эле 81 батирлүү көп кабаттуу үй аскер кызматкерлерине берилгенин жана бүгүн дагы 54 батирлүү турак жайдын капсуласы куюлуп жатканын кошумчалады. Батирдин ачкычтарын бүгүн башкы штабдын курамына кирген Улуттук гвардия, чек ара кызматы жана Бишкек гарнизонунун офицерлери алышты.

"Биздин армия - биздин сыймыгыбыз. Армия биздин коопсуздуктун, көз карандысыздыгыбыздын кепилдиги. Албетте куралдуу күчтөрү мамлекеттин колдоосу жок өнүгө албайт, андыктан өлкө жетекчилиги азыркы күндө аскер кызматкерлеринин ар биринде үйү болуш үчүн бардык күч аракетти жумшап жатат. Буга өзүңүздөр да күбө болуп турасыздар. 81 батир былтыр берилди, бүгүн жыйырмадан ашык үй бүлө турак жайлуу болуп отурушат. Чоң ийгилик, бакыт эмеспи. 425 батир аскер кызматкерлерине ушул жылы бөлүнөт. Андыктан алдыда дагы ири пландар бар бул жаата. Биз курулушту токтотпойбуз, дагы да улантабыз. Силерди башка нерсе ойлондурбашы керек, бир гана кызматыңардын үстүндө болушуңар керек",- деди КРнын президенттик аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков.