Жаңылыктар
Мектеп лигасынын мыкты оюнчусу “Футбол достук үчүн” саамалыгына катышат
Спорт
Мектеп лигасынын мыкты оюнчусу “Футбол достук үчүн” саамалыгына катышат

12 жаштагы Улан Дүйшөбеков, Кыргызстандын атынан «Футбол достук үчүн» аталышындагы эл аралык социалдык программанын негизинде өткөн оюнга катышат. Бул тууралуу маалымат жыйынында, Орто Азия боюнча аталган проекттин куратору Амина Коңурбаева айтты. Анын билдиргенине караганда, бул жылы саамалыктын форматы өзгөрүп, биринчи орунга оюн жыйынтыгы эмес, достук мамилесине басым жасалды.

“Бул жылы башкы орунга достук мамилеси коюлгандыктан, бир нече өлкөлөр аралашып, бир команда болушат. Ар бир өлкө бирден оюнчу чыгарышат. Алар биригип, бир курамада ойношот”.

Бул саамалыка өлкө атынан “Мектеп лигасында” мыкты оюнчу аталган футболчу барат. Мындай маалыматты, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын өкүлү Мейирхан Аманбеков кабарлады.

“2016-жылы “Мектеп лигасы” аталышындагы проект өткөн. Анын негизинде спорттун 13 түрүнөн мелдештер болуп, мыктылары аныкталды. Биз бул турнирде мыкты делген футболчуну эл аралык “Футбол достук үчүн” саамалыгына жиберүүнү чечкенбиз. Чечүүчү финалдык оюнда Улан Дүйшөнкулов 4 гол киргизип, мыкты оюнчу аталды".

Маалымат жыйындын соңунда, катышуучулардын колуна жашыл жана көк өңдөгү жипти байлап, бул аталган проектин тынчтык символун билдирген белги катары кабыл алынганын түшүндүрүштү. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын атынан “Футбол достук үчүн” саамалыгына футболчулардан тышкары, журналисттер жана үйрөнчүк өспүрүм курактагы спорт кабарчысы да барат. Аталган проект 26-июндан 2-июлга чейин Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Маалым кыла кетсек, "Футбол достук үчүн-2017" саамалыгында Кыргызстан Гана, Голландия жана Тажикстан менен бир команда болоору буга чейин белгилүү болган. Балдардын эл аралык "Football for Friendship-2017" социалдык программасынын негизинде, 64 өлкөнүн футболчулары 8 командага бөлүнүштү. Чучу кулак таштоо аземи 16-мартта Россияда өткөн. Мындан тышкары командаларды чет элдик машыктыруучулар оюнга дайындамакчы. Кыргызстандан бара турган футболчулар украиналык адис Игорь Грицюкка туш келди. Чучу кулактын негизинде, Кыргызстан тарап 1 жарым коргоочуну оюнга чыгара алат.

Саамалыктын катышуучулары, конфедерация Кубогунун финалдык оюнун көрүшөт.

Усубалы Мамбетов