Өзгөндүн Жалпак-Таш айыл аймагындагы жер көчкүнүн агымы беш күндөн бери токтобой жатат. Улам жылган көчкү калк жашаган айылга чейин кирип келген.
Мындагы көчкүнүн жолуна жайгашкан 23 турак үйдүн жашоочулары коопсуз жактарга көчүрүлдү.
Мониторинг депортаментинин адистеринин айтымында, Досмат-Тал участкасындагы көчкү саатына беш метрден жылып, Курбу-Таш айылынын жашоочуларына коркунуч жараткан.
Аба ырайы жылып кетпесе, кооптонуу күч экендигин эскерткен адистер, көчкү жолундагы 23 кожолукту коопсуз жакка, убактылуу чатырларга жайгаштырды.
Сактыкта кордук жок. Ири көлөмдөгү көчкүдөн чочулаган айылдагы 251 кожолуктун айрым тургундары өзгөчө кырдаалдар адистеринин бүтүмүн күтүп отурбай эле, өз алдынча коопсуз жактардагы жакындарыныкында баш калкалоодо.
Көчкүнүн жылышы токтобой жатканына байланыштуу керектен чыккан электр мамычаларын калыбына келтирип, элге электр жарыгын берүү мүмкүн болбой жатканын энергетиктер билдирүүдө. Азыркы тапта, Жалпак- Таш айыл аймагындагы төрт айылда же, 750дөй кожолук электр жарыгысыз отурат.
Соңку бир ай ичинде Ош облусунун аймагында 21 жер көчкү жүрдү. Аталган аймакта жалпы, жер көчкү жүрүп кетүү коркунучунда турган 359 кооптуу аймак болсо, 1миң 800дөн ашуун үй-бүлө дал ушул кооптуу жайларда жашап жатат.