Жаңылыктар
Убада менен шертке бекем инсан
Кыргызстан жаңылыктары
Убада менен шертке бекем инсан

Мындан туура 72 жыл мурда Улуу Ата Мекендик согуш жеңиш менен аяктап, эркиндик үчүн күрөшкөн жоокер, баатырлар майтарылбас эрдиктери менен элге тынчтык белек кылган. Кан-жанын отко салган кыргызстандык аталардын катарында Касымбай Жолдошов да болгон. 

Касымбай атаны уул-кыз, неберелери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери эле эмес, сүйүүнү, достукту туу туткан чыныгы жолдош катарында билишет. 

Касымбай ата, 1925-жылы Ноокат районунун Шаң-Кол айылында төрөлгөн. 1943-жылы 17-жаш курагында согушка аттанган. Айылда энеси, үч бир тууганы жана жубайы калган.

Касымбай ата согушта 2,5 жыл жүрүп, чек арада 5 жыл кызмат өтөгөн. 8 жыл дегенде туулуп өскөн айылына кайтып келген. Жубайы Касымбай атаны 8 жылдык кусалыгын батырган жүз аарчы менен тосуп алган. Жүз аарчыны Касымбай ата өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин сактаарын айтат.

Жашы токсондон ашканына карабай, карыянын баскан-турганы тың. Согуш талаасындагы окуялар күнү бүгүнкүдөй эсинде. Өзгөчө жеңиш күнү.