Жаңылыктар
Казынаны толтуруунун кайсы жолу ыңгайлуу?
Кыргызстан жаңылыктары
Казынаны толтуруунун кайсы жолу ыңгайлуу?

Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгы батир алууда келишимге дыкат көңүл бурууга чакырат. Айрым көп кабаттуу турак үйлөр муниципалдык жерлерге салынгандыктан анын ижара акысын төлөп туруу зарыл. 

Муну аткара турган курулуш компаниялары батир сатып алуучулар менен болгон келишимге бул милдеттенмени да киргизип коюшу мүмкүн. Шаар бийлиги муниципалдык жерлерди ижарага берүү менен казынаны туруктуу киреше менен толтурууну көздөйт. 

Шаардын муниципалдык менчиктеги жерлерин колдонуу боюнча алгач мэрия менен жеке тараптардын ортосунда ижара келишими түзүлөт. Көп кабаттуу үй кургусу келген ишкер анын жер акысын төлөөнү - келечектеги ошол үйлөрдү алчуларга чегерип коюшу мүмкүн. Ошондуктан адистер батир сатып алууда ортодогу келишимге көңүл буруу керектигин эскертишет.

Шаар бийлиги бул маселени көп кабаттуу турак үйлөр курула турган жерлерди ижарага берип эмес, ишкананын өзүнө биротоло сатуу менен чечүү керек деп эсептейт. Себеби, башында ар жыл сайын акы төлөйм деп жаткан курулуш компаниясы убакыттын өтүшү менен изин таптырбай кетиши мүмкүн.

Маалыматка таянсак былтыркы жылдагы эсеп боюнча сот муниципалдык жерлерди пайдалангандардан 36 млн 104 миң 297 сом өндүрүү боюнча чечим чыгарган. Жыйынтыгында алардын 25 миллион сомдон ашууну гана жыйналган. Ал эми муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн топтолгон жалпы каражат 2016-жылы 417 миллион сомду түздү. Быйылкы болжол боюнча анын колөмүн жарым миллиард сомдон ашыруу пландалууда.