Жаңылыктар
Айымдар саясатта бирдиктүү болсо
Кыргызстан жаңылыктары
Айымдар саясатта бирдиктүү болсо

Саясат чөйрөсүндөгү 100дөн ашык активист аялдар менен жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутат айымдары Бишкекте чогулуп, шайлоочулардын муктаждыктарын чечүү багытындагы кызматташтыкты талкуулашты. 

Ошондой эле, жакында парламент үч окууда кабыл алган “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү” мыйзамына президент кол койсо, анын аткарылышын көзөмөлдөө менен көп проблемалар чечилери айтылды. 

Жыйында Кыргызстандагы шайлоо процесстери, кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы, аялдардын чечим кабыл алуу жана саясатка катышуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин өз ара аракеттенүү иштери талкууланды. Жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактарда социалдык маселелер көп экенин белгилешти. 

Аны чечүүгө кеңештеги айым депутаттар активдүү катышууда. Мисалга, Каракол шаардык кеңеши калааны өнүктүрүүнүн стратегиясын кабыл алган. Бирок каражаттын тартыштыгынан толук ишке ашпай турат.