Жаңылыктар
Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү жүрдү

Алдын ала маалымат боюнча жер көчкү айылдагы 11 турак-үйдү басып калган. 

Анын ичинен төрт үйдө эч ким жашабайт, ал эми калган жети үйдөгү болжол менен 24 адам көчкү астында калган. 

Учурда табигый кырсык катталган жерде куткаруучулар иштеп жатышат. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкү баскан аймак жашоочуларына коопсуз жайга көчүү боюнча быйыл март айында эскертүүлөр берилгенин билдирүүдө.