Жаңылыктар
Нарын: жаза мөөнөтүн өтөөчү жайларда иштеген кызматкерлер үчүн үйлөр курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: жаза мөөнөтүн өтөөчү жайларда иштеген кызматкерлер үчүн үйлөр курулууда

Нарын шаарында жаза мөөнөтүн өтөөчү жайларда иштеген кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бир бөлмөлүү, 24 батирден турган бул социалдык курулуш, 48 миллион 233 миң сомго бүткөрүлөт. 

Бул курулуш, аскер жана укук коргоо кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо боюнча каралган, Россия Федерациясынын материалдык жардамынын эсебинен каржыланууда. Эгер бардыгы ойдогудай болсо, Нарын шаарындагы тергөө изоляторунда эмгектенген адистердин дээрлик баарысы турак жайга ээ болушат. 

Ушундай эле аракет өткөн жумада дагы башталып, чек арачыларга делген дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу башталган. Облус жетекчилигинин билдиргенине таянсак, жакын арада билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн да үй сала турган жер тилкеси бөлүнөт.