Жаңылыктар
Жер көчкүдөн жабыр тарткандарга жардам берилет
Өзгөчө кырдаал
Жер көчкүдөн жабыр тарткандарга жардам берилет

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик «Инфоком» ишканасынын алдындагы калкты персонификациялоо Мамлекеттик борборуна барган учурда Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл округунун Аюу айылында каргашага байланыштуу жарандарга кайрылуу жасады. Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго каргаша болгон жерде издөө-сактоо иштеринин жүрүшү тууралуу саат сайын кабарлап туруу тапшырмасын берди. Мамлекет башчысынын тапшыруусу менен Президенттин Аппарататында Аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндө Жарлык даярдалууда.
Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшыруусу менен Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылдык округунун Аю айылына, жер көчкү болгон жерге чукулунан учуп кетти. Мамлекет башчысы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу боюнча зарыл чараларды көрүп, жабыр тарткандарга жардам берүүнү тапшырды.