Жаңылыктар
1-Май - эмгекчилердин эл аралык күнү
Кыргызстан жаңылыктары
1-Май - эмгекчилердин эл аралык күнү

Биринчи май - эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү. 1886-жылы АКШнын Чикаго шаарында эмгекчилер эмгек күнүн 8 саат деп белгилөө талабы менен демонстрацияга чыгышкан. 

Бул күнү жыл сайын жумушчулардын демонстрациясын өткөрүү жөнүндө чечим чыгып, 1889-жылы июлда 2-Интернационалдын Париж конгрессинде кабыл алынган. Кыргызстанда 1-Май майрамы биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Бүгүнкү күндө бул күн майрам катары дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет. 1-май - Эмгек майрамы менен президент Алмазбек Атамбаев бардык Кыргызстандыктарды куттуктады.

"Биринчи Май - баарыбыз эңсеп күткөн, жан-дүйнөбүздү эргиткен, нукура элдик майрам. Тынчтыктын, жаздын, эмгектин символу катары бул күн- муундан муунга жүрөккө сакталып келатат.
Бүгүн майрамдап чыккан ким болбосун - тилине, тегине, динине карабастан, тилектеш, тагдырлаш, максатташ экенин сезет. Чынында эле тынчтык менен эмгек - ар бир адам жашоосунда таяна турган кош дөөлөт. Ар кимибиз ак ниет эмгегибиз менен үй-бүлөбүздү, өлкөбүздү чыңдап жатабыз.

Өлкөбүздөгү тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы!
Баарыңыздарга бекем ден соолук, ачык асман, бакыбаттык каалаймын!"
,- деп жазылат президент А. Атамбаевдин куттуктоосунда.