Жаңылыктар
Өзгөн районундагы жер көчкү 11 үйдү басып калды
Өзгөчө кырдаал
Өзгөн районундагы жер көчкү 11 үйдү басып калды

Өзгөн районун Жалпак-Таш айыл аймагында 10 үйдү жер көчкү басып калды. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, тургундар күн мурун коопсуз жайларга көчүшкөн. 

Учурда жашоочуларга 15 чатыр тигилген. Адистер жаан-чачынга байланыштуу ушул күндөрү тоолуу аймактарда көчкү жүрүшү ыктымалдыгын, дарыяларда суу көбөйөөрүн эскертип жатат.