Жаңылыктар
Пакистанда автобус кырсыкка кабылды
Кырсык
Пакистанда автобус кырсыкка кабылды

30-апрелде Пакистандын түндүк-батышында жүргүнчү ташуучу автобус капчыгайга кулап, кырсыктын кесепетинен 11 адам каза болду. 

Алардын арасында 3 наристе бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Кырсык Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Жогорку Дир районунда болгон. 10 адам окуя болгон жерден, бирөө ооруканадан көз жумган. 

Жергиликтүү полиция 9 адам жаракат алганын жана окуяга жамгырдан кийинки тайгак жол себеп болгонун билдирди.