Жаңылыктар
Өзгөндөгү жер көчкү 24 адамдын өмүрүн алды
Өзгөчө кырдаал
Өзгөндөгү жер көчкү 24 адамдын өмүрүн алды

Көлөмү 1 млн. куб метрге жеткен жер көчкү кечээ күнү таң эртең менен жүрүп, Өзгөн районунун Аюу айылында 11 үйдү басып калган. Алдын ала маалыматтар боюнча анын жетисинде 24 адам бар болгон, тогузу жаш балдар экени айтылууда.

29-апрелдин таңы Аюулуктар үчүн «кара ишемби» катары сакталып калды. Таңкы уйкудан ойгонбой калган мекендештерибиздин эң улуусу 80, эң кичүүсү 2 жашка араң толгон. Дагы төртөө жаш жеткинчектер болсо, алтоо мектеп окуучусу болгон. Уул-кызынан, жубайынан, ата-энесинен, айрылгандардын кайгысын сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес.
Кырсыктуу окуяга жергиликтүү тургундар күбө болгон. Акбарали Коргонбаевдин эки бирдей бир тууганы бала-чакасы менен көз алдында көчкүнүн астында калып калган. Жердин жыла баштаганын байкаганы менен, жакындарына айтканга жетишип үлгүрүп эмес.