29-апрель күнү Өзгөн районунун дагы бир айылы Курбу-Ташта жер көчкү түшүп, 3 турак үйдү басып калды. Бактыга жараша кырсыктан эч бир адам жабыркаган жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, көчкү басып калган турак үйлөрдүн жашоочулары 3 күн мурда көчүрүлгөн. Эскерте кетсек, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда кыймылга келген жер көчкү акырындык менен жылып, 27-апрелге карата турак үйлөргө 45 метр калганы буга чейин айылдыктарга алдын ала айтылган.