Жаңылыктар
Өзгөн: көчкү алдынан табылган 3 кыздын сөөгү жерге берилди
Кырсык
Өзгөн: көчкү алдынан табылган 3 кыздын сөөгү жерге берилди

POST1RIGHT

Өзгөн районунун Аюу айылында көчкү астынан табылган 3 кыздын сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бир тууган эки кыз Разабаевалардын сөөгү Жалал-Абад облусунда жерге берилди. 

Ал эми 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеваны акыркы сапарга узатуу өзү туулуп өскөн Аюу айылында өттү. Гулайым жогорку окуу жайлардын биринде мугалимдик кесипке акыркы курста окуп жаткан. Ал жер көчкү болоордон бир күн мурун үйдө жалгыз калган атасына каралашканы келген. Апасы 2 бир тууганы менен төрт күн мурун Москвага иштегени кетишкен болчу. Азыр көчкү астында калган дагы 21 жаран изделүүдө. Издөө ишине 400гө чукул куткаруучу тартылган. Алардын катарында ыктыярчылар да бар.