Кыргызстандын жарандарына 2-майдан баштап биометрикалык паспорт бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдирди. Мындай паспорт адамдын тек-жайын ырастоочу электрондук маалыматтарды камтып, колдонуу чөйрөсү кеңейтилет.
Сыртынан азыркы ID картага окшогон электрондук паспорттун ичинде атайын чип болуп, ага 19 маалымат камтылат. Биринчи жолу алып жаткан жарандарга бул документ жыл аягына чейин акысыз берилет.