Жаңылыктар
Мушкер Дастан Шаршеев орусиялык спортчу менен реванш-беттешке чыгат
Спорт
Мушкер Дастан Шаршеев орусиялык спортчу менен реванш-беттешке чыгат

Мушкер Дастан Шаршеев орусиялык спортчу Антон Калинин менен реванш-беттешке эки айдан кийин кайрадан чыкмай болду. Белгилей кетсек, 22-апрелде Татарстандын Казань шаарында тай боксунун “TNA эрежелери боюнча” дүйнө чемпионатынын экинчи этабы өткөн. Анда Шаршеев орусиялык атаандашы Антон Калинин менен беттешип, кошумча раунддун жыйынтыгында калыстар тобу орус мушкерди жактап, аны жеңүүчү деп атаган. Кыргызстандык спортчу мындай чечимге каршы чыгып, рингден бир топ минутага чейин кетпей турган. Рефери Дастанды мындай жоругу депортацияга алып келерин эскерткен. Эми эки спортчунун талаш-тартышына келерки беттеш чекит коет.

“Маселени оңуна чыгарып, эркекче чечебиз. TNA уюму менен бирге Антон Калининге каршы эки айдан кийин матч-реванш өткөрөбүз. Бул убакытта беттешке даярданып, жеңүүчү экенимди көрсөтөм. Акыры адилеттүүлүк орун алышы керек”,- КРдин Тайбокс федерациясынын мушкери Дастан Шаршеев.