Жаңылыктар
"Каркыра" өткөрүү пункту ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Каркыра" өткөрүү пункту ачылды

Ысык-Көл облусунун Түп районунун аймагында жайгашкан "Каркыра" өткөрүү пункту 1-майда ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

Эми өткөрүү пункту эртең мененки саат сегизден кечки алтыга чейин дем алышсыз иштейт. Кыргыз-казак өкмөттөр арасындагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү келишиминин негизинде "Каркырадан" автоунаалар жана эл ары-бери каттап турат.

Жыл сайын кыш келери менен кооптуулуктан улам "Каркыра" көзөмөл өткөрүү пункту жабылып, кайра туристтик сезондун башталышы менен иштей баштайт.