Жаңылыктар
АКШ- Орусия: Сириядагы согушту токтотуунун аракеттери
Дүйнө
АКШ- Орусия: Сириядагы согушту токтотуунун аракеттери

Сирия бийлиги согушту токтотуу боюнча аракеттерге бир нече шарттардын негизинде макул болду. АКШ менен Орусиянын 27-февралга белгиленген согушту токтотуу боюнча тынчтык планы менен Сирия бийлиги макул болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Сириянын тышкы иштер министрлигине таянып жазып чыкты. Тышкы саясатты көзөмөлдөөчү мекеме - “отту өчүрүү” , “Ислам мамлекети”, “Джебхат ан-Нусра” сыяктуу террордук уюмдар менен болгон күрөштү улантуунун шартында ишке ашырылышы мүмкүн экенин белгиледи. 



Мындан тышкары, Сирия - Орусия менен биргеликте согуштук аракеттерге чекит коюуга даяр экенин айтты. Эки күн мурун макулдашылган АКШ менен Орусиянын Сириядагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча келишими 27-февралда күчүнө кирээри күтүлүүдө. 

Бирок келишимде - Бириккен улуттар уюму тарабынан террордук уюм деп таанылган "Ислам мамлекети" сыяктуу уюмдарга каршы чара көрүлөөрү айтылган эмес. Буга карата Сириялык оппозиция тынчтык планын сындаган пикирлерин айтууда.