Жаңылыктар
Жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери уланууда
Өзгөчө кырдаал
Жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери уланууда

Өзгөн районунун Аюу айылындагы болуп өткөн кырсыктын кесепеттерин жоюда куткаруучулар күнүнө 13 саатка чейин иштөөдө. 30-апрель күнү жер көчкүнүн астында калган 3 кыздын сөөгү табылган. Ал эми 1-майда табылган кыздарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.


Аюу айылында жер көчкү астынан сөөктөрү табылган 3 кызды акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Адина, Мадина Разабаевалардын сөөгүн туугандарынын уруксааты менен Жалал-Абаддагы тайлары алып кетип, ошол жакта жерге беришти.
3- табылган кыз 20 жаштагы студент Гулайым Назирбаева болгон. Гулайым педагогикалык окуу жайынын акыркы курсунда окуп жаткан. Кырсык болоордон бир күн мурда айылда жалгыз жашап жаткан атасынын тамак-ашына каралашканы келген. Апасы Алтынай Назирбаева 25-апрелде эки баласы менен Москвага иштегени кеткен. Бат эле кайтып келем деп, бир учурда жолдошу менен жалгыз кызынан түбөлүккө ажыраган эненин күйүтүн сөз менен айтып жеткирүү кыйын.

"Экөөбүз аябай жакын өстүк, жалгыз кыздай эрке эмес эле, алдыга койгон пландары аябай көп эле, мугалим болом деп кыялданып жүргөн",- дейт эки бир тууган кыздардын эжеси Муаззам Бахапова. 
Көчкү астында калгандардын сөөгүн издөөгө 300дөн ашуун куткаруучу тартылган. Булардан сырткары, казуу иштерине жергиликтүү эл менен ар кайсы айылдардан, облус, шаарлардан келген ыктыярчылар да жардам берип жатат.