Жаңылыктар
Эмгекчилер майрамында ата-мекендик өндүрүшчүлөр парадка чыгышты
Кыргызстан жаңылыктары
Эмгекчилер майрамында ата-мекендик өндүрүшчүлөр парадка чыгышты

Эмгекчилердин майрамынын урматына ата-мекендик өндүрүшчүлөр парадка чыгып, ал кыргыз товарларынын көргөзмөсү менен аяктады. Бул жолку өндүрүш жүрүшүнө 40 компания катышты.


Ата-мекендик өндүрүшчүлөрдүн авто-парады Түштүк магистралдан башталып, Абдрахманов көчөсүнөн, Горькийге келип, андан ары Тунгуч кичи районундагы соода борборлорунун биринен аяктады.
Шаарды айланып келген өндүрүшчүлөр соода борборундагы жарманкеге багыт алышты. Мында келгендер ата-мекендик продукцияларды татып көрүштү. Тоонун балы, Баткендин өрүгү, тоо гүлдөрүнөн жыйналган чайлар, Ысык-Көлдүн жүндөн жасалган буюмдары, кургатылган жупка, сүзмө, сары май, жергиликтүү колбаса, ширелер.