Жаңылыктар
Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленет
Маданият
Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленет

Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, 2018-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук  жана эл аралык деңгээлде белгиленет. Дүйнөлүк атагы бар кыргыздын даңктуу уулунун 90 жылдык маарекесине карата замандаштары эскерет.    

Чыңгыз Айтматов 1962-жылдан баштап, кыргызда атактуу кино режиссёрлор  катары   болуп көрбөгөндөй  дүркүрөп өсүп,  кыргыз кереметин жараткан учурдан дээрлик 25 жыл Кыргыз ССРинин Кинемато́графия союзун жетектеп турган. 

Ошол учурда  балдар үчүн анимациялык мультфильмди негиздөөдө жетекчи катары маселени чечкенин “Ак илбирс” кино сыйлыгынын ээси Сагын Ишенов эскергени бар. Чыңгыз Айтматов,  кыргыз кино искусствосунун ар тараптуу өнүгүүсүнө негиз салган улуу инсан - дейт, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шерниязов.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"