Жаңылыктар
Жеңиш алып келген өмүрү өрнөк адамдар
Кыргызстан жаңылыктары
Жеңиш алып келген өмүрү өрнөк адамдар

Саналуу күндөрдөн кийин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 72 жыл толот. Тынчтык үчүн күрөшкөн инсандардын катарында Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылынын аксакалы Усубакун Байсалов да бар. Ардагер мекен чегиндеги кызматын өтөгөндөн кийин мугалимдик кесипти аркалап, 8 мектепте директорлук кызматты аркалаган.


16 жашында мектеп директору болууга жетишкен жаш мугалимдин максаттарын ишке ашырууга капыстан башталган согуш тоскоолдук кылган. 1942-жылы майдан талаасына аттанган учурда Усубакун ата 18ге да толо элек болчу. Борбордук фронттогу айтылуу Курск салгылашуусуна катышып, 2-топтогу майып болуп кайткан. Фашизм талкаланып, күжүрмөн элге жеңиш жылмайган күндү зор кубануу менен эскерет.
Андан бери 72 жыл өттү. Ардагер мугалимдик ишин улантып, 8 мектепте 30 жылдан ашуун директорлук кызматта иштеп, райондук билим берүү башкармалыгын жетектегенге да жетишкен. Дөөлөттүү карылыкты өткөрүп жаткан инсан басып өткөн байсалдуу жолу менен сыймыктанат.