Жаңылыктар
Уламалар кеңеши: жер көчкүдө калгандардын сөөгүн ошол жерде калтыруу чечими чыкты
Дин
Уламалар кеңеши: жер көчкүдө калгандардын сөөгүн ошол жерде калтыруу чечими чыкты

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана Уламалар кеңеши Өзгөндөгү Аюу-Сай айылындагы  жер көчкүдө калгандардын сөөгүн ошол жерде калтыруу боюнча атайын чечим чыгарышты. Анткени издөө иштери натыйжа бербей жатат. Муну айтканы барышканда жакындарын жоготкондор көнгөн жок. Бирок динаятчылар түшүндүрүү иштерин улантып жатышат. 

Ал арада ӨКМдин куткаруучулары, туугандары “токтотсоңор болот”, - дегичекти же сөөктөр табылгыча издөө иштерин токтотпой тургандыктарын билдирип, иштеп жатышат. 

29-апрель күнү таңкы саат жетилер чамасында бул адырдан жалпы көлөмү 200 миң метр куб болгон жер көчкүсү түшүп айылдагы 11 үйдү басып калган. Анда 26 жаран каза болгон эле. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо адырдын экинчи бөлүгү да көчүп түшүү коркунучу бар деп эскертип жатат.

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио", Ош шаары