Жаңылыктар
Бишкек шаарынын 139 жылдыгы кандай белгиленди?
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын 139 жылдыгы кандай белгиленди?

Бишкек шаарынын уюшулгандыгына 139 жыл болду. Бул датанын урматына борбор калаада жалпы элдик сейилдөө жана майрамдык концерт уюштурулду. Поссоветтик өлкөлөрдүн арасында эң жаш баш калаалардын бири Бишкек. Анын түптөлгөнүнө быйыл 139 жыл толду. Бир жарым кылымга жакын тарыхы бар Бишкектин күнүн белгилөөгө миңдеген шаар тургундары жана коноктору көчөгө чыгышты.
Бишкектин туулган күнүндө эски аянтта шаардыктарга өзгөчө салтанат уюштурулду. Концерттер, театрлаштырылган көрсөтүүлөр, спортчулардын мелдеши калаа тургундарынын көңүлүн бурдурду.